Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Калинин атындагы айылда спорт комплексин куруу пландалууда.
Тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине караштуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.
Долбоордун сметалык баасы 58 млн 116 миң 569 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 22-майга чейин тапшыруу зарыл.
Спорт комлекстин курулушу републикалык бюджеттен каржыланат.