Жаңылыктар
Дагы бир депутат мандатынан ажырады
Саясат
Дагы бир депутат мандатынан ажырады

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясынан депутат Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды. 

Белгилей кетсек, буга чейин "Кыргызстан" фракциясы депутаттар - Чолпон Эсенаманова, Элмира Жумалиева жана Урмат Ишенбековду мандатынан ажыратуу боюнча чечимин БШКга жиберген. Борбордук шайлоо комиссиясы Жумалиева менен Эсенаманованы мандаттан ажыратуу боюнча чечимди 11-январда кабыл алган.

 Бир нече күндөн кийин Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту - эл өкүлдөрү мандаттарынан мыйзамсыз ажыратылган деген өкүм чыгарган. Ал арада Жогорку соттун жарандык иштер боюнча коллегиясы 21-январындагы жыйынында өз чечими менен Биринчи май райондук сотунун өкүмүн жокко чыгараарын билдирген. Муну менен Жумалиева менен Эсенаманованын талабы канааттандыруусуз калган.