Бөкөнбаев — Көл-Төр — Дөң-Талаа унаа жолунун 3 чакырымынаа асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, учурда бул тилкедеги асфальт төшөө иштерине 10дон ашык атайын техника тартылып, анда 30 жолчу иштөөдө.
"Жол тилкелеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын №33 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат", - деди ал.