Жаңылыктар
Түрк Парламенттик Ассамблеясынын комиссиянын жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Түрк Парламенттик Ассамблеясынын комиссиянын жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы Улан Бакасов жана мүчөсү депутат Чынберди Толонов менен аталган комиссиянын жыйыны өттү.

Анкара шаарында уюштурулган иш-чарада уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы алакаларды арттыруу, анын ичинен социалдык-гуманитардык тармактар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Айрыкча миграция маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, бул жаатта тиешелүү шарттарды жеңилдетүү тууралуу сөз болду.

Жыйынды ачып жатып комиссиянын төрагасы Улан Бакасов: “Миграция процесстериндеги түрк дүйнөсүнүн интеграцияланышы региондун маданиятына, тилине, экономикасына жана саясатына орчундуу таасирин тийгизет. Түрк элдеринин ортосундагы миграциялык агым жалпы маданий мейкиндиктин калыптанышына жана этностор ортосундагы мамилелердин чыңдалышына өбөлгө түзөт”, – деди.

Жыйындын жүрүшундө комиссиянын мүчөсү депутат Чынберди Толонов талкууланып жаткан маселе актуалдуу экенин белгилеп, миграциянын оң жактарын максималдаштыруу жана анын терс кесепеттерин азайтуу үчүн стратегиялык документтерди иштеп чыгуу зарыл экенине токтолду.

“Жалпы күч-аракетибиздин аркасында биз мигранттарга гана эмес, алардын үй-бүлөлөрүнө дагы жагымдуу шарттарды түзө алабыз деп ишенем. Ошондой эле миграциялык процесстерди жакшыртуу үчүн механизмдер жана тиешелүү макулдашуулар иштелип чыгуусу кажет”, – деди Чынберди Толонов.

Аны менен катар эл өкүлү “Мамлекеттер миграциясынын оң жактарын максималдаштыруу жана анын терс кесепеттерин азайтуу үчүн стратегияларды иштеп чыгуу керек” деп кошумчалады.

Белгилеп кетсек Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясы негизделген күндөн тартып, жыл сайын, жогорку деңгээлдеги парламент башчыларынын жолугушуулары, туруктуу комиссиялардын жыйындарын жана башка өтө маанилүү болгон иш-чаралар өткөрүлүп келет.