Жаңылыктар
Бишкекте күйүүчү майды мыйзамсыз саткан 3 пункт аныкталып, айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте күйүүчү майды мыйзамсыз саткан 3 пункт аныкталып, айып салынды

Бишкекте күйүүчү-майлоочу майлардын уруксатсыз стихиялуу соодасын жоюу боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд Профсоюз көчөсүнүнүн Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинкит тилкесинде жүргүзүлүп, анда күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз саткан 3 пункт аныкталды.

Мыйзамсыз соода жүргүзгөндөргө 9 миң сом айып салынды.

Рейддер уланууда.