Жаңылыктар
Сонунбүбү Кадырова: “Эл “Ыр кесени” сагынып калыптыр”
Кыргызстан жаңылыктары
Сонунбүбү Кадырова: “Эл “Ыр кесени” сагынып калыптыр”

Каарманым Сонунбүбү Кадырова көп кырдуу чыгармачыл инсан. Акын, журналист, ырчы катары тыным албай иштеген кызматкер. Теленин тегирменинен тегеренип чыккан Сонунбүбү айым бүгүнкү күндө  “Ыр кесе” долбоорунун уюштуруучу, редактору.


 КАБАРЧЫ: 

- Кызгалдактуу талаадан сүрөттөрүңөрдү көрүп кубанып жаттым. Демек, “Ыр кесе” долбоорунун  гүлдөгөн доору кайрадан Улуттук телевидениеге келди окшойт...

С.КАДЫРОВА:

- Ооба, чындыгында эле "Ыр кесе" долбоору элдик экени, илгертен келе жаткан улуу муундун кайталангыс табериги экенин ушул эки жылдык съемка учурларында байкадым. Анча-мынча нарк билбестерди өзү эле жолунан алып коё турган элдин  улуу кудурети орногон эски тумар биздин чыгармачыл топко  кайталангыс руханий азык берди. Эл толкуп, кубанып, каны дүргүп, касиети козголуп турду. Бул долбоор бир эле өнөрпоздорду эмес, аймактык башкаруу системасын да бир сыйра сынактан өткөрүп, элдик дареметти, көрөңгөсүн жолго салып жатат. Ушундан улам биз, тележурналисттер дагы  көп-көп эл арасында боло турган долбоорлор менен иш алып барышыбыз керек экен деп калдым.


КАБАРЧЫ:

-“Ыр кесе” тартуучу сапарга чоң команда кетүүчү эле, азыр абал өзгөргөндөй… Ал кезде Кыргызстандагы бирден-бир телевидение, баркы да жогору, партиялык бийлик, идеология күчтүү кез. Райкомдун катчылары милдеттүү түрдө уюштурушуп беришчү эле, азыр шарт, даярдык кандай болууда?

С.КАДЫРОВА:

- “Ыр кесе”  алгач эфирге чыга баштаган учурда  заман башка, биздеги техникалык каражаттардын мүмкүнчүлүгү да башка эле. Бир райондун “Ыр кесесин” бир топ машакат менен аз дегенде  он беш адам эки жумада тартып бүтүрүшчү  экен. Муну ошол кездеги улуу муундун өкүлдөрү айтып жүрүшөт. Ооба, ал учурда “Ыр кесе” пайда болгон партиялык учур абдан бюрократиянын күчү өз нугунда турган мезгилге туура келет. Андагы “Ыр кесе” өзүнүн милдетин аткарды, бирок, маани-маңызы өзгөргөн жок, кайра жаңы идеялар менен толукталууда. Буга президентибиз Садыр Жапаровдун 2021-жылдагы  "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы" жөнүндөгү биринчи жарлыгы да бизге дем-күч берди. Ошондуктан,  бул долбоор өтө активдүүлүк менен ишке ашып жатат. Учурдан пайдаланып баардык кайдыгер эмес жетекчилерге жана элге терең ыраазычылык билдиребиз.


      "Ыр кесе" долбоорунун кутун качырып, моюн толгогон жетекчилер албетте боло калып жатат. Айрыкча маданий жааттагы айрым жетекчилер, тактап айтканда, айрым райондук  маданий бөлүм башчылар өз милдетин жакшы түшүнбөйт. Өтө сабатсыз. Кол алдындагы команданы иштете албайт. Эки жылдан бери  аймактык маданий  тармагынын кадрлары тааныштык, достук менен гана коюлганын байкадым. Иш билбегендиктен  элди кыжырлантып, өз билгендерин кылышат экен.

КАБАРЧЫ:

-Сен өзүң чыгармачылыкты улуу кут катары кабыл алып, дайыма кыргыз канындагы билинип-билинбеген сырларды  байкап жүрөсүң. “Ыр кесенин” бул жаатта өзгөчөлүгү бар бекен?

С.КАДЫРОВА:

-Жалпысынан эл  “Ыр кесени”  сагынып калганын, айрыкча  жаратылыш койнунда тартып жатканыбыз өзүбүзгө да жагып жатат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жерибиздин кооздугуна сөз жетпейт экен, көргөн көз кубанат. Ушунчалык терең канааттануу менен тартып жатабыз. Чарчаганыбызга карабай ар бир райондон өзгөчө табылга издеп тапкан, тикесинен тик турган чыгармачыл жамаатка ичиң жылыйт тим эле. Мурда ат арытып, жер карытып жол жүрүп көлөмдүү көчмө станция менен тартсак, азыр жергиликтүү теленин чыгармачыл тобу, техникасы колдонулууда. Дагы бир ирет кайталап белгилегим келет, облустук теленин кызматкерлеринин чыгармачылык дараметинин жогору экенине  кубанганымды жашыра албайм. Баткенде “Ыр кесе” тартып жаткан учурдан бир мисал келтирейин, оператордун кыймылына көз салып турдум. Баткендин өрүкзарынын кооздугуна сөз жетпейт го, ошол оператор  өрүк гүлүнө  аарынын конуп учканын улам-улам кайталап, чеберчилик менен тартып жатты. Кийин карасам, ушунчалык кооз кадрды тандап алыптыр. Демек, ушул бир эле мисалдан жергиликтүү телеканалдарда күчтүү кадрлардын иштеп жаткандыгынан кабар алсаңыз болот. Себеби, оператордун, режиссердун тандап алган кадрына жараша көрсөтүүнүн барк-баасы билинип турат.


КАБАРЧЫ:

-“Ыр кесенин” бизге кереги жок эле дегендери болдубу? Дегеле, ушул долбоорду тартууда кандай кубандырган, же капаланткан жагдайлар болдубу? Чыгармачыл топтун маанайы кандай?

С.КАДЫРОВА:

-Ушул демилгени көтөрүп,  чыгармачыл топко зор ишенич берген Болот Тиллебаевге өзгөчө таазим. Мына ушундай көрөгөч жана чыныгы кесипкөй жетекчи гана алдыдагы ийгиликти сезе билет. Ооба, биздин ишибиз өтө ийгиликтүү болду. Себеби, эл “Ыр кесе” сыяктуу айыл элинин башын бир жерге бириктирген чоң майрамды сагынып калышыптыр. Баары чын жүрөктөн кабыл алып, айылдар майрам-шаңга бөлөндү. Элдин маданий турмушуна кайдыгер эмес жергиликтүү жетекчилерге да ыраазычылыктар болсун. Жана ошондой эле  топтун башында турган адам катары "Ыр кесе" долбоорун жаратуучу чыгармачыл топко, менин сунушумду колдоп дем алышсыз, майрамсыз, эмгек өргүүсүз күндүн ысыгына, бороон, нөшөргө карабай иштеген жигиттерге таазим. Биз өткөн жылы үч жарым айда 18 райондун “Ыр кесесин” тарттык. Бул рекорд биринчи жолу Улуттук каналда жаралды.

     Быйыл 19 районду апрелдин төртүндө баштадык эле,  буюрса,  августтун үчүндө бүтөбүз  деп турабыз. УТРКнын курамына аймактык телекомпаниялар кошулганы абдан жемиштүү экенин ушундай республикалык чоң долбоорлорду ишке ашырууда көрүп жатабыз. Бул жетекчиликтин иш билгилиги, ошондой эле уюштургучтугу. Андан сырткары чыгармачылык команданын туура тандалганы деп айтууга болот. Улуттук каналдан чыгармачыл топтун жетекчиси катары мен, режиссер Асыл Акматова, операторлор Асан Конушбеков, Кадыркул уулу Калыс, унаа айдоочу  Ишенаалы Өмүралиев аталган долбоордо өзгөчө бийик дем менен иштедик. Мен акын, ырчы катары толкунданып, келечектеги жазылчу ырлардын угутун алып жатам. Бирок иш учурунда ыр жазганга чоло жок. Кечке эл менен болуп кечинде бутуңузду тарта албай калып жатабыз. Бирок бул чарчоо - таттуу чарчоо болуп жатат .

КАБАРЧЫ: 

-Бүткөн ишке сынчы көп дешет го, аларга кандай кеп болот?

Мени тартып кой, кошуп кой деп тыйын сунгандар болдубу? Дегинкисин айтканда улуттук теленин кадыр-баркы элет жеринде кандай экен?

С.КАДЫРОВА:

-Албетте, чыгармачылык чөйрөдө “Биз муну эбак эле жасап койгонбуз. “Ыр кесе” мага жаңылык эмес дегендер, мен программага кошулбай калдым дегендер бар. Бирок акча сунгандар, тааныш салгандар боло элек. Менин чыгармачылык дүйнөм да аны жактырбайт. Бул нерсе канга сиңип калгандай негизи. Бирок,  жакшылап түшүндүрүп жатабыз. Өнөр акчага байланган жерде маданият өнүкпөйт деп. Убагында эл сүйүп көргөн, "Ыр кесе" болот экен дегенде бүт айыл телевизору бар үйгө чогулуп алып үйдөгүсү үйдө, үйгө батпай калганы терезеден шыккалап көргөн  теледолбоор кайрадан экранды жаркыратып, эл арасындагы унутулуп калган жөрөлгөлөрдү, ырларды, тамсил, эпосторду  алып чыгууда. Өлкөбүздүн   өнөрлүү  адамдарына жол ачкан бул көрсөтүүгө  ар бир район өз алдынча,  ата мурасын, эне жөрөлгөсүн жөндөп, элдин биримдигин, ынтымагын, көрсөтмөкчү. Кылдан кыйкым издегендерге: “Чырды токтотуп - Ыр менен жашайлы! Ал эми, Улуттук телерадиокорпорация – жети дубандын телекөрсөтүүсүн бириктирген уюткулуу  улуттук идеология борбору экендигин, кадыр-баркы күчтүү  экендигин айткым  келет”.

МАЕКТИ АЛЫП БАРГАН ГҮЛМИРА КУЛУМБАЕВА