Жаңылыктар
Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курамасы эл аралык мелдеште 11 медаль жеңди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курамасы эл аралык мелдеште 11 медаль жеңди

Кыргызстандын жиу-житсу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 11 медаль (2 алтын, 3 күмүш жана 6 коло) жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, AJP ABU DHABI GRAND SLAM аталышындагы эл аралык турнир Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында өттү.

Алтын байгенин ээлери:

Александр Дворников (85 кг чоңдор арасында);

Абдусалим Розобаев (50 кг жаштар арасында).

Күмүш байгенин ээлери:

Султан Русланбеков (66 кг жаштар арасында);

Ильяс Халбаев (50 кг жаштар арасында);

Янар Сарыбаев (94 кг жаштар арасында).

Коло байгенин ээлери:

Безруз Саламов (50 кг жаштар арасында)

Мурат Фазилов (46 кг жаштар арасында);

Темирлан Жумакадыров (46 кг жаштар арасында);

Арген Абдыманапов (69 кг чоңдор арасында)

Умар Яншанло (56 кг чоңдор арасында);

Муратбек Ганиев (120 кг чоңдор арасында).