Жаңылыктар
А.Жапаров Нарындагы соцобъектилер менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
А.Жапаров Нарындагы соцобъектилер менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кочкор айылындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилер курулуш долбоорлору менен таанышты.

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин төрагасына 2024-жылга Нарын облусунда пландалып башталган объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча маалымат берилди. Планга жалпысынан 64 объект киргизилген.

Анда жаңы автобекет, көпүрө, мектеп, турак-жай комплекси, спорт комплекси, мал базар куруу жана жолдорду реконструкциялоо боюнча пландар презентацияланды.