Жаңылыктар
Ирандын президенти Эбрагим Раиси тик учак кырсыгынан каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Ирандын президенти Эбрагим Раиси тик учак кырсыгынан каза болду

Ирандын президенти Эбрагим Раиси жана тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахян тик учак кырсыгынан улам каза болду. Бул тууралуу Mehr маалымат агенттиги билдирет.

Президент Эбрахим Раиси менен тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахян отурган тик учак жекшемби күнү Чыгыш Азербайжандагы чытырман токойго кулап түшкөн.