Жаңылыктар
Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” романы азербайжан тилинде жарык көрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” романы азербайжан тилинде жарык көрдү

23-майда Азербайжанда Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” романынын бет ачар аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган роман Азербайжан адабият фонду менен “Hedef” компаниясынын биргелешкен долбоору болгон «Түрк элдеринин адабияты» сериясынын алгачкы китеби. Долбоордун лидерлери Азербайжан адабий фондунун жана Hedef компаниялар тобунун башкы директорлору Варис Йолчиев жана Шамил Садык.

Маалым болгондой, иш-чарага Азербайжан жазуучулар союзунун жетекчилиги, белгилүү адабият жана искусство өкүлдөрү, журналисттер жана ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев өзү катышты. Бет ачарды Азербайжан жазуучулар союзунун төрагасы, Эл жазуучусу Анар Рзаев «Жанжаза» жазуучунун азербайжан тилинде жарык көргөн алгачкы чыгармасы экенин айтып, түрк дүйнөсүнүн мыкты жазуучусун азербайжан окурмандары жакшы кабыл аларына жана бул долбоордун туруктуу болоруна ишенерин билдирди.


Адабий фонддун башкы директору Варис Йолчиев роман магиялык-реализм жанрынын эң негизги үлгүлөрүнүн бири экенин, ал англис, орус, түрк, венгер тилдеринде жарык көрүп, кеңири окурмандарды чогултканын баса белгиледи. Азербайжанча басылышынын алда канча сапаттуу жана оригиналына жакын экендигин кошумчалады. Варис Йолчиев ошондой эле романдын негизги өзөгүн эске салды: дүйнөдө эч нерсенин изи калбайт, бардык жамандык бумеранг сыяктуу кайтып келет.

"Hadaf" компаниялар тобунун башкы директору Шамил Садык чыгарманын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, китептин котормочусу Айсел Огуз, редакторлору Юнус Огуз жана Жавид Гадир экенин белгиледи:

“Романда мындан жүздөгөн жылдар мурун каза болгон тарыхый инсандардын арбагын алып жүргөн жети адамдын тагдыры сүрөттөлөт. Алар өздөрүнүн да, жанын көтөрүп жүргөндөрдүн да күнөөлөрү үчүн жазага тартылышат. Чыгарманын каармандары өздөрүнөн, жазасынан кутулуу үчүн чөлгө барып, ыйык жерди издеп, Муса пайгамбардын шакирттерине окшоп ээн талаада тентип калышат. Адам баласынын жаны да, азабы да түбөлүктүү. Дене дүйнөнү таштап кетсе да, рух башка денелерде өз жазасын тарта берет”, – деди Шамил Садык.


Улуттук Межлистин депутаты, академик Низами Жафаров мындай чыгармаларды которуунун жалпы түрк адабияты менен маданиятынын өнүгүшү үчүн маанисине токтолду. Бул долбоордун туруктуу болоруна ишенерин айткан академик Султан Раевдин башка чыгармаларын азербайжан тилине которуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Басылманын редактору болгон тарыхый романдардын автору Юнус Огуз котормо жана редакциялоо процессинин өзгөчөлүгүнө токтолуп, китеп окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынарына ишенимин билдирди.

Белгилүү кинорежиссер, Азербайжандын Эл артисти Вагиф Мустафаев Султан Раевдин “Топон” романын окуганын айтып, аны акыркы жылдары окуган эң мыкты роман деп атады жана “Жанжаза” да бийик прозалык үлгү экенине ишенерин билдирди.

Азербайжандын ТҮРКСОЙдогу туруктуу өкүлү Элчин Гафарлы Султан Раевдин жетекчилигинде ТҮРКСОЙ тарабынан ишке ашырылып жаткан маанилүү долбоорлорго токтолуп, ушул күндөрү Азербайжан ошол маанилүү долбоорлордун бирин кабыл алып жатканын айтты. 20-22-май күндөрү Азербайжан мамлекеттик маданият жана искусство университети тарабынан уюштурулган «ТҮРКСОЙ» II Эл аралык студенттик спектакль фестивалы тууралуу сөз кылган Э.Гафарлы, мындай долбоорлор жаш өнөрпоздордун өсүп-өнүгүүсүндө чоң роль ойноорун айтты. Баяндамачы С.Раевдин Азербайжанда биринчи жолу жарык көргөн чыгармасы кеңири окурмандарга ээ болоруна ишенерин айтып, долбоордун үстүндө иштегендердин баарына ийгилик каалады.

Азербайжан мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, искусствого эмгек сиңирген ишмер, профессор Жейран Махмудова авторду жана долбоорго катышкандардын баарын куттуктады. Ректор мындай чыгармалардын котормосу театр искусствосу жана кинематографиясы боюнча билим алып жаткан студенттер үчүн абдан маанилүү экенин айтып, драмалык чыгармаларды студенттерге сахнага которуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Филология илимдеринин доктору Шараф Жалилли түрк дүйнөсүнүн адабиятынын өзгөчөлүгүнө токтолуп, улуу жазуучуларды урматтоо менен баалап, Султан Раевди ушул көчтүн улантуучусу деп эсептерин айтты.

Азербайжан Жазуучулар союзунун катчысы Элчин Хусейнбейли, Улуттук Межлистин Маданият комитетинин эксперти, акын Акбар Гошал, Сумгаит поэзия үйүнүн директору, акын Ибрагим Ильясли, китеп редактору Жавид Гадир жана башкалар Султан Раевдин чыгармачылыгына токтолуп, аны бул ийгилиги менен куттукташты. Иш-чаранын соңунда Султан Раев бардык катышуучуларга жана китептин жарык көрүшүнө салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирди. Романдын Азербайжанда алгачкы ирет басылып чыкканына кубанган Султан Раев бардык катышуучулардын китебине кол тамгасын койду.