Жаңылыктар
Кумтөр акыркы 2,5 жылда Кыргызстанга 300 млн доллар киреше алып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөр акыркы 2,5 жылда Кыргызстанга 300 млн доллар киреше алып келди

 "Акыркы эки жарым жылда биз Кумтөр кенинен 300 млн доллар көлөмүндө киреше алдык", - деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн форумда.

Анын маалыматына караганда, мамлекеттик активдер 2015-жылы 310 млрд сомду, 2020-жылы 420 млрд сомду түздү, же 5 жыл ичинде 1,5 эсеге өстү. Азыр мамлекеттик активдер 824,2 млрд сомду түзүп, акыркы 3 жылда эки эсеге өскөн.

"Бул жетишкендиктерге коррупцияны жоюу да себеп болгон. Анын негизги "оорусу" Кумтөр болчу. 1994-жылдан 2021-жылдын май айына чейин "Кумтөрдөн" түшкөн дивиденддер 100 млн долларды түзсө, акыркы эки жарым жылда 300 млн доллар киреше таптык. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата биздин үзүрлүү ишибиздин негизинде "Кыргыз Республикасынын финансы тармагында жаңы доор келди" деп ишенимдүү түрдө билдиребиз", – деди Акылбек Жапаров.