"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үмүт менен оптимизмдин жаңы доору башталды", - деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дүйшөмбүдө Бишкекте башталган кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоо боюнча Евразия тобунун 40-пленардык жыйынында.
Ал өз сөзүндө өтүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн жана Кыргызстандын экономикалык ийгиликтерин белгиледи.
"Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын январында шайлангандан бери Кыргызстанды сөз менен эмес, иш жүзүндө ак ниет башкаруу жана коррупцияга каршы күрөшүү принциптерине чыныгы берилгендигин көрсөттү. Биз акыркы 3 жылда салык жыйымдарын 3 эсеге, бажы кирешелерин 4 эсеге жеткирдик, экономиканын орточо өсүшү 7%га, ИДП дээрлик 2 эсеге өстү.
Натыйжалуу администрлештирүүнүн, ачык-айкындуулук жана отчеттуулукту жайылтуунун, санарип технологияларды кеңири колдонуу, фискалдаштыруу экономиканы накталай эмес төлөмдөргө масштабдуу өтүүнүн аркасында Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түштү", - деди Жапаров.