Жаңылыктар
Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорунда мыйзамсыз жайгашкан объектилер буздурулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорунда мыйзамсыз жайгашкан объектилер буздурулууда

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда мыйзамсыз жайгашкан объектилерди буздуруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошондой эле аталган аймактарда жайгашкан соода-сатык объекттеринде дизайн код боюнча иреттөө иштери орун алууда.

Иретке келтирүү иштерин Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, директордун орун басары Бакай Турдугулов жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жеринен көзөмөлдөөдө.