Жаңылыктар
Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кетти

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен отставкага кетти. Маалыматтка КР президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Анын айтымында, азыркы учурда президент Садыр Жапаров башкы прокурор кызмат ордуна прокуратура системасынын кызматкерлеринин ичинен башкы талапкерлерди карап жатат.

Эскерте кетсек, Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматын 2020-жылдын октябрынан бери аркалап келет.