Жаңылыктар
Тарых жараткан кыргыз футболчулары мекенине кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Тарых жараткан кыргыз футболчулары мекенине кайтып келди

Бүгүн таң эрте футбол боюнча кыргыз улуттук курама командасы өз мекенине кайтып келди. Футболчуларды тосуп алуу аземи Кыргыз футбол биримдиги мекемесинин алдында өтүп, ага бийлик өкүлдөрү, футбол биримдигинин мүчөлөрү жана күйөрмандар катышты.

Ак шумкарларды тосуп алуу аземинде алгач сөз министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго берилип, ал футболчулардын бул жеңишин, кыргыз футболунун тарыхындагы эң чоң ийгилик деп атады.

“Мындай жетишкендик Кыргызстан футбол курама командасынын келечеги кең экенин далилдеди. Курама команданын оюнчулары чеберчиликти, тайманбастыкты, жеңишке карай умтулууну, темирдей тартипти, таза спортту көргөзүп, кыргыз элинин үмүтүн дагы бир ирет жандырды”, - деди Эдил Байсалов.


Ал эми улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович, бул жетишкендикти футбол күйөрмандарына арнады. Ал курама команданын үчүнчү баскычка өтүү жолу өтө татаал болгондугун айтып, эми алдыдагы 5 команда менен болгон беттеште болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдоно турганын белгиледи.

“Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу болуу жана ушундай жетишкендиктерге жетишүү мен үчүн абдан сыймык. Биздин курама команданын үчүнчү баскычка өтүү жолу абдан татаал болду деп айтсам жаңылышпайм. Себеби, биздин планда дүйнөлүк оюнга ушул жерден өтүү максаты бар болчу. Тилекке каршы андай болбой калды. Бирок, Оманга барып, ал жактагы татаал шарттарга карабай команда менталдык жана физикалык жактан туруктуулугун көргөзүп берди. Үчүнчү жолу Азия кубогуна катары менен катышкандыгыбыз жөн жерден болуп калган жок. Биз келечекте ойной турчу командалар менен да абдан оор оюндарды көргөзөбүз. Алар менен тең тайлашабыз деп терең ишенем”, - деп билдирди башкы машыктыруучу.

Атай кетсек, 11-июнда Кыргызстандын улуттук курама командасы, Маскат шаарында Оман курамасы менен кез келип, 1-1 эсебинде оюн тең чыгуу менен аяктаган. Мындай жыйынтык менен кыргыз футболчулары Азия Кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионтанын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына өттү.