Жаңылыктар
Н. Шакиев Жалал-Абад облусуна барды
Кыргызстан жаңылыктары
Н. Шакиев Жалал-Абад облусуна барды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды. Алгач төрага Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка жолунун курулушу менен таанышты. 100 чакырымды түзгөн бул жолдун курулушу кийинки жылдын июль айында бүткөрүлөт. Президенттин көзөмөлү менен жасалып жаткан иштерге жалпы 4 млрд 646 млн сомго кетери болжолдонгон. 4-категорияда салына турган жолдун 50 чакырымы быйыл бүтөт. Азыркы тапта 250 жумушчу жана 90 техника иш алып барууда. Андан соң төрага жергиликтүү эл менен жолугушуп, жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, айылдагы ички каттамдарды да жакшыртуу аракет көрүлүн айтты. Муну менен катар бардык тармактарды өнүктүрүүгө жана күчтөндүрүүгө багытталган аракеттер дагы уланат. Жакынкы аралыкта эле 450дөй заманбап техника келери күтүлүүдө”, - деди төрага.