Жаңылыктар
Ала-Букада курулушу 7 жыл мурун башталган оорукана бүткөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Букада курулушу 7 жыл мурун башталган оорукана бүткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылында жаңы оорукананын курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15 орунга ылайыкташтырылган оорукана бюджеттин эсебинен Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан курулду. Анын курулуш иштери 2017-жылы башталган жана эки кабаттуу, жалпы аянты 617 чарчы мертге долбоорлонгон.

Учурда курулуштун дээрлик 98% жумушу бүткөрүлдү. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.