Жаңылыктар
Жалал-Абадда жаңы мектеп ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунда дагы бир билим уясы салынып бүттү. Ала-Бука районунун 1-Май айылында Ажек атындагы 225 орундуу мектеп ачылды. Салтанаттуу ачылыш аземине Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Социалдык объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Мектептин курулуш иштери 2020-жылы башталып, 87 млн сомдон ашык каражат сарпталды. Билим уясы төрт блоктон турат. Окуу корпусу 2 кабаттуу болуп спорттук залы менен долбоорлонгон. Жалпы аянты 1665 чарчы метрди түзөт.