Жаңылыктар
Ч. Ахматов Ош облусунун прокурору болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ч. Ахматов Ош облусунун прокурору болуп дайындалды

 Чыңгыз Ахматов Ош облусунун прокурору кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Максат Асаналиев кол койду. Чыңгыз Ахматовду Ош шаарынын прокуратурасынын жамаатына жана Ош облусунун активине башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов тааныштырды. Ахматов эмгек жолун 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасынан баштап, Башкы прокуратурада, Жалал-Абад, Ош облустарынын прокуратураларында түрдүү кызматтарда иштеп келип, Чүй облусунун Токмок шаарынын, Ысык-Ата районунун жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын прокурору болуп эмгектенген.