Жаңылыктар
Футбол: Башкы машыктыруучу Ш.Таркович кызматынан кетет
Кыргызстан жаңылыктары
Футбол: Башкы машыктыруучу Ш.Таркович кызматынан кетет

Кыргыз футбол биримдиги Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен машыктыруучулар штабы толук курамы менен кызматтан кете турганын билдирди. Айтымында, Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилиги сүйлөшүүлөрдөн кийин башкы машыктыруучу менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганда кызматташууну токтотуу чечими кабыл алынды. Белгилей кетсек, Штефан Таркович былтыр Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин кезектеги жыйында 30 талапкердин ичинен тандалган. Аны менен 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзүлгөн. Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен 9 оюн өткөрдү. Анын ичинен үч жолу жеңип, үч ирет тең чыкты жана үч жеңилүү бар. Биримдиктен билдиришкендей, улуттук курама команда 2027-жылкы Азия кубогунун жана 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо баскычын жыйынтыктап, мөөнөтүнөн мурда Азия биринчилигине жолдомо алып, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына чыгуу үчүн күрөштү улантуу мүмкүнчүлүгүн камсыздады.