Жаңылыктар
Футбол: Улуттук курама команданын жаңы машыктыруучусу дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Футбол: Улуттук курама команданын жаңы машыктыруучусу дайындалды

Кыргызстандын футбол курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Максим Лисицын дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Ал Кыргызстандын футбол курама командасын сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына дайындайт. Максим Лисицын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 4 жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы КР U-20 жаштар курамасы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, россиялык адис Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.