Жаңылыктар
Президент Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, Бишкек шаарындагы  Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты.

Мамлекет башчысы майрамдык айт намазды мечитке келгендер менен бирге окуду.