Жаңылыктар
Жалал-Абад: Селден 10 жашар бала каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: Селден 10 жашар бала каза болду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрүп, Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарын суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, сел Эски-Кочкор-Ата айылында 10 жаштагы баланы агызып кеткен. Анын сөөгүн жергиликтүү тургундар таап, жакындарына беришкен. Табигый кырсыктын кесепетинен эки айылдагы 2 643 үйдү суу каптап, 300 кожолуктун жашоочулары эвакуацияланган. Мындан тышкары, сел Бишкек-Ош унаа жолунун 518-чакырымын каптаган, бирок кечинде жол тазаланып, бир тараптуу ачылган. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн техника тартылган. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ички иштер министрлигинин жана тез жардам кызматынын өкүлдөрү иштеген.