Жаңылыктар
Акжол жана Үзүр килем үстүнө чыгат. Бүгүн Польшада күрөш боюнча эл аралык турнир башталат
Спорт
Акжол жана Үзүр килем үстүнө чыгат. Бүгүн Польшада күрөш боюнча эл аралык турнир башталат

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалары Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышат.

Мелдештер 19-23-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтөт.

Бүгүн балбандар Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков килем үстүнө чыгат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:

  • 60 кг - Жоламан Шаршенбеков;
  • 67 кг - Амантур Исмаилов;
  • 67 кг - Раззак Бейшекеев;
  • 77 кг - Акжол Махмудов;
  • 97 кг - Үзүр Жузупбеков;

— башкы машыктыруучу - Азат Эркимбаев;
— улук машыктыруучу - Улукбек Карачолоков.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:

  • 59 кг - Калмира Билимбек кызы;
  • 62 кг - Айсулуу Тыныбекова;
  • 68 кг - Мээрим Жуманазарова;
  • 76 кг - Айпери Медет кызы;

— башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков.