Жаңылыктар
ЖК депутаты Карим Ханджеза комитет төрайымынын орун басары болуп шайланды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК депутаты Карим Ханджеза комитет төрайымынын орун басары болуп шайланды

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымынын орун басарын шайлоо тууралуу маселе каралды.

Бул кызматка депутат Карим Ханджезанын талапкерлиги көрсөтүлдү.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Карим Ханджеза Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.