Жаңылыктар
Борбор калаада жылуулук толугу менен бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада жылуулук толугу менен бериле баштады

 3-февралда  Бишкек жылуулук электрборборунда   жарылган  жылуулук берүү түтүгү  калыбына келтирилди.  Электр станциялар ачык акционердик  коомунун басма сөз катчысы  Тогжана  Айдаралиева  маалымдагандай,   авариялык абалдагы   жылуулук  түтүгү алмаштырылып, кырсык  катталган   учурдан 1 жарым  саат өткөндөн кийин жылуулук жана жылуу суу  толугу менен берилди. 

Авария катталган  мезгилде   Бишкек шаары жана  Аламүдүн районуна  эки сааттан   ашык  электр    энергиясына   кыска   мөөнөттөгү  чектөөлөр  киргизилди. 

Азыркы тапта  жарыктын  өчүрүлүп жатышына  Бишкек жылуулук  борборунда  болуп өткөн  авариянын  тиешеси жок. “Түндүк  электр”  ачык акционердик  ишканасынын басма  сөз  катчысы Гүлмира  Мураталиева, билдиргендей  бул көрүнүш   тармактагы оңдоп-түзөөлөргө  байланыштуу  болуп жатат деди.

 Кошумчалай кетсек, бүгүнкү  күндө   Бишкек жылуулук электр борборунда  жылуулук түтүгүнүнүн  жарылып кеткендиги   боюнча атайын комиссия  иштеп жатат.  4-январда  вице-премьер   министр Олег  Панкратовдун ЖЭБге   келиши күтүлүп жатат.