Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Чүй облусундагы чакан ГЭСтин ишин баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Чүй облусундагы чакан ГЭСтин ишин баштады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын  Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусунда кубаттуулугу 2 МВт болгон «Ысык-Ата-1» кичи ГЭСинин ачылышына жана ишке киргизилишине катышты. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы чогулгандарды кубанычтуу окуя менен куттуктап, өлкөдө жаңы чакан жана ири ГЭСтерди куруу артыкчылыктуу экендигин белгиледи. 

 «Бул кичи ГЭСтин ишке кириши менен биз Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин Жарлыгын ишке ашырып жатабыз.  Кошумчалай кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында республика боюнча 100 ишкана, анын ичинде бул кичи ГЭС ачылат.  Жакынкы жылдарда биздин өлкөдө ондогон гидроэлектростанциялар, кун жана шамал станциялары курулат.  Кылымдын курулушун баштадык – Камбар-Ата ГЭС-1, ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу да башталат, ал Шанхайдан Парижге чейинки эң кыска жол болот”, - деди ал. 

Акылбек Жапаров бул кичи ГЭСтин ачылышы мамлекеттин энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган мамлекеттик жана жеке сектордун биргелешкен аракетинин натыйжасы экенин белгиледи. 

 «Биз өлкөбүздө ар бир ишкананын ачылышына кубанычтабыз жана аларга гүлдөп өнүгүүнү каалайбыз», - деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.