Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова дагы бир алтын медалга ээ болду
Спорт
Айсулуу Тыныбекова дагы бир алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык балбандар Польшада өтүп жаткан эл аралык турнирде биринен артынан бири калбай ийгиликтерди жаратышууда. 

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болгондордун катарына кошулду. 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова алгач польшалык, андан кийин канадалык спортчуларды мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыккан. Тыныбекова финалда германиялык спортчу менен кез келип, аны 4:1 эсебинде жеңип, жеңүүчү аталды. 

Буга чейин аталган мелдеште Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов алтын, Раззак Бейшекеев күмүш, Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынган.