Жаңылыктар
Калмира Билимбек кызы эл аралык турнирде күмүш медалга татыды
Спорт
Калмира Билимбек кызы эл аралык турнирде күмүш медалга татыды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын дагы бир мүчөсү Калмира Билимбек кызы Польшадагы эл аралык рейтингдик турнирде күмүш байгеге ээ болду. 

59 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны биринчи жана экинчи раунддарда польшалык балбандарды алгач 4:3, кийинкисин 8:0 эсебинде далысын басып жеңишке жеткен. 

Ал эми финалда кыргызстандык балбан кыз германиялык атаандашына 7:0 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды. 

Белгилей кетсек, мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.