Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун актуалдуу маселелер боюнча кезектеги маеги
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун актуалдуу маселелер боюнча кезектеги маеги

"Кабар" агенттиги өлкө башчысы Садыр Жапаровго бир катар суроо менен кайрылып, маек курду. Анда Кыргызстанда чыгарылып жаткан паспорт, аксиздик маркалар, коррупциялык көрүнүштөр, Шамбесай кени, Апрель окуясынын катышуучуларына курулчу фабрика, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунунун курулушу тууралуу кенен сөз болду.

— Саламатсызбы, урматтуу Садыр Нургожоевич коомчулукта акыркы убакта актуалдуу болуп турган бир катар суроолорубузга жооп алууга уруксат берсеңиз.

— Саламатчылык. Албетте, уруксат.

— Жакында эле сиз социалдык тармактагы баракчаңыз аркылуу ID карт паспортторун акысыз алмаштыруу боюнча акция болорун билдирдиңиз. Муну Кыргызстан өз күчү менен паспортторду чыгарып баштаганы менен түшүндүрдүңүз. Белгилүү болгондой, мамлекет паспорттон башка дагы бир катар документтерди өзү чыгара баштады. Анын ичинде акциздик маркалар дагы бар. Ушул акциздик марканы чыгарып баштаганда буга чейинкисинин ортосундагы айырмачылык байкалаарлык болдубу?

— Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биздин паспортторубуз эле эмес, башка документтерибиздин баары эле буга чейин башка өлкөлөрдөн жасалып келип турган. Жалпы жарандык паспортубуз бир өлкөдөн, ID картыбыз экинчи өлкөдөн, айдоочулук күбөлүгүбүз үчүнчү өлкөдөн, башка документтерибиз төртүнчү өлкөлөрдөн дегендей. Ушунун баарын көрүп-билгенден кийин эки жыл мурун дароо тапшырма бердим, кандай гана документтер болбосун, өзүбүздүн өлкөбүздөн чыксын деп. Албетте, караманча каршы чыккандар көп болду. “Биз өзүбүз чыгара албайбыз, бизден чыкса сапатсыз болот, бизден чыкса жасалма паспорттор көбөйүп кетет, бизден чыкса кымбатка түшөт деген, жана башка толгон токой шылтоолорду айта башташты. Мен шашпай изилдеп көрдүм. Эч кандай кыйынчылыгы жок эле чыгарсак болоруна көзүм жетти.

Көрсө, чет өлкөлөрдөн жасатып келчү паспорт жана башка документтердин мафиясы биздин өзүбүздүн эле майда чиновниктерден баштап, эң жогорку жетекчилерге чейин жетет экен. Миллион эмес, миллиарддар чөнтөккө түшөт экен. Ошондуктан бардык документтерди өзүбүздөн чыгаруу демилгесин өз колума алдым дагы, ишти баштадык.

Жыйынтыгын өзүңүздөр көрдүңүздөр, эң сапаттуу паспортторду чыгара баштадык. Биринчиден, тышка чыгып кетип жаткан миллиарддарды сактап калдык, экинчиден, ар бир паспорт өзүбүздүн көзөмөлүбүздө болот. Мурда башка өлкөлөрдөн чыгып жаткандыгына байланыштуу, канча паспорт чыгып канча адамга берилип жаткандыгын биз көзөмөлдөй албайт элек.

Ал эми акциздик маркалар боюнча дагы дал ушул паспорттор сыяктуу эле чоң мафия болуп келиптир. Миллиарддаган акчалар саналуу чиновниктердин, салыкчылар менен ушул тармакта иштеген бизнесмендердин чөнтөктөрүнө кетчү экен.

Мына эми акциз маркасын да жолго койгонго жетиштик. Өзүбүздөн чыгарып баштадык. Мурда акциздик маркалар дагы чет өлкөлөрдөн жасалып келчү. Коргоочу элементтери таптакыр эле талапка жооп берчү эмес.

Өзүбүздөн чыккан акциздин корголуучу элементтери күчтүү болгондуктан, эч ким жасалма кыла албайт. QR коду да болот. Тагыраагы, акцизден түшкөн киреше мындан ары кимдир бирөөлөрдүн эмес, толугу менен мамлекеттин чөнтөгүнө түшүп баштады. Айырмасы кандай экен дебейсиңерби? Эгер 2020-жылга чейин акциздик товарлардан болгону 5 млрд сом тегерегинде түшчү экен.

Азыр болсо жылдын аягына чейин 25 млрд сом акча түшөрү күтүлүүдө. Бул деген сөз 2020-жылга чейин кыргызстандыктар спирт ичимдигин аз ичишчү, 2020-жылдан кийин көп ичип калды дегенди билдирбейт. Бул деген коррупциянын, уурулуктун жеткен чеги десек болот. Демек, ушунча млрд сом айырма илгертен бери саналуу эле кишилердин чөнтөгүнө түшүп келген.

 Өткөндө бажы системасында коррупциялык көрүнүштөр дээрлик толук жоюлганын, болгону 10 пайыздай калганын билдиргенсиз. Мындай жыйынтык кайсыл аракеттердин аркасында болду? Калган 10 пайызга кайсылар кирет?

— Коррупция жок деген өлкөлөрдө деле 5-10 пайыз коррупция болот экен. Себеби пенде экенбиз да. Акчаны көргөндө жолдон адашат экенбиз. Бирөөнү кармап камап атсаң экинчиси ала берет экен, экинчисин кармап камап атсаң үчүнчүсү ала берет экен. Менин атымды сатып, жакын тууганы болом деп өз кызыкчылыгына иштегендер болот экен. Анын баары мага кечирээк жетип калып жатат. Бирок андайлардын баарын аяп олтурбастан дароо камагыла деп буйрук берип, каматып коюп жатам. Биздин менталитетке жараша болсо керек. Тилекке каршы, жакын тууганымын же жакын таанышымын десе эле ишене берген адамдар көп болот экен. Тескерисинче, ошондой аферисттерге ишенбеш керек экенин билишпейт. 2020-жылы жана андан кийин деле канчалаган кишилер келип мени менен сүрөткө түшүшкөн. Алар миңдеп саналат. Ошол сүрөттөрүн көтөрүп алып айрым чиновниктерди коркутушат экен. Мына көрдүңбү? Мен жакыны болом, баланча маселемди чечип бер деген сыяктуу. Учурдан пайдаланып айтып коеюн. Жардам бермек түгүл ошондойлорду кууп чыккыла демекчимин. Же социалдык түйүндөр аркылуу андай аферисттерди мага билдиргиле. Мен өзүм жазасын берем.

Азыр эми ошондойлорго кантип бөгөт коюунун үстүндө иштеп жатам. Акыры мындайларга дагы чекит коюуга жетишебиз. Анткени бажы менен салык тармагы республикалык бюджеттин дээрлик 90 пайызын түзүүчү тармактар. Бул эки тармакка катуу көзөмөл кылбасак болбойт.

— Коррупциялык көрүнүштөрдүн жоюлушу мамлекеттик казынанын көбөйүшүнө таасир этет. Акыркы жылдары бюджеттин кирешеси көбөйгөнүн жүздөгөн социалдык, инфраструктуралык обьектилердин салынышы, миңдеген техникалардын алынышы таасын көрсөтүп турат. Ошол эле учурда жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн саны дагы деле көп экени айтылып келет. Калктын аялуу катмарын азайтуу багытында кандай иштер аткарылууда?

— Ооба, туура айтасыз. Бизде жакыр жашаган үй-бүлөлөр көп. Мен бийлик башына келген убакта 111 миң үй-бүлө жакыр жашайт эле.

Мамлекеттен жөлөкпул жардам берилип турган экен. Азыр алардын саны кыскарып, 81 миң үй-бүлө калды. Кудай буюрса, алдыда келе жаткан 5-10 жылда баарын жоёбуз деген планыбыз бар.

Былтыр 10 миң үй-бүлөгө жүз миң сомдон жардам берилсе, быйыл 2024-жылдын аягына чейин 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон жардам беребиз. Ушинтип жылда улантып жүрүп олтуруп, Кыргызстанда жакыр үй-бүлө деген түшүнүктү жок кылабыз.

 Шамбесай алтын кени иштетилбей турганы тууралуу маалым болду. Мындай чечимге эмне түрткү болду? Элдин арасынан бир эже Ноокат районунда бир алтын кенди Шайырбек Ташиев казып жатат экен. Ошону дагы токтотуп бериңиз деп суранды эле. Ал кен боюнча кандай чечим болду.

— Шамбесай кени боюнча эки ай мурда лицензиянын ээлери келип, кенди казууга бардык уруксат кагаздарыбыз бар, кенди казалы десек жакын жерде жашаган айылдыктар каздырбай жатышат. Алардын аркасында шыкактаган бирөө бар дешкен. Айылга зыяны жокпу? Эгер айылга зыяны жок болсо, цианид колдонбосоңор анда иштетсеңер болот дедим эле. Ал аңгыча айылдын ак сакалдары кабыл алуумду суранышкан экен. Аларды кабыл алып уксам, иш башкача өңдүү сезилди. Мен өзүм барып көрүп анан чечим кабыл алалы деп токтотуп койгом.

Бир аптадан кийин тик учак менен барып көрсөм, чындап эле айылдын үстүндө болгону 100 метр аралыкта турат экен. Дароо болбойт деген чечим кабыл алдым.

Ал эми Шайырбек Ташиев Ноокаттан алтын казып атат деген маалымат боюнча келерим менен текшергилечи деп тапшырма берсем, Шайырбек Ташиев эч кандай Ноокаттан алтын казбай эле экен.

— Апрель окуясынын катышуучуларына фабрика куруу үчүн жер бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алынганы айтылууда. Чынбы же имиш кептердин бириби?

- Чын. Эки жылдан бери 2010-жылы Апрель окуясында жакындары каза болгон жарандарыбыз арыз-муңун айтып менин кабыл алуумда болуп келишет. Былтыр 100гө жакын адам кабыл алуумда болушуп, Бакиев келип бизге кун төлөп берсин, сиз ушуну камсыз кылып, жардам бериңиз. Сиздин колуңуздан келет. Дубайда мурдагы президенттерди чогулттуңуз го деп суранышты.

“Туугандар, мени Бакиев менен силердин ортоңорго аралаштырбагыла, ансыз деле менин башка баш оорум көп”, деп баш тарткам. Арадан бир топ убакыт өтүп былтыр күз айларында дагы келишти. “Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убадасын берди. Бизге жер бөлүп бериңиз, биз абдан кыйналдык, алды чет өлкөгө тентип кетишти, артыбыз жумушсуз кыйналып жүрөбүз”, деп суранышты. Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен. Ортодо убактылуу өкмөт тарапка бир топ нааразычылык сөздөрдү айтышты.

Кыскасы, эски жараны козгобой эле койгула, өткөн өттү, кеткен кетти, унуталы дедим.

Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим. Мен 200 эмес, 2 эле үй-бүлөгө бирөө жарым шарт түзүп берип, жашоосун оңдоого салым кошсо кубанамын. Себеби ар бир кыргызстандыктын тагдыры өлкө башчы катары менин мойнумда. Ошол үчүн жер бөлүп бердим.

Апрель окуясында жакындары каза болгондор 205 киши топтолуп, акционер болуп АК ачышыптыр. Жерди ошол АКга бердик. Жалгыз кишиге берген жокпуз.

Эми салынабы же жокпу айта албайм. Себеби апрелчилер менен Бакиев кандай сүйлөшүштү, эмне деп келишишти мага белгисиз. Кыскасы менден кетпесин деп жер бөлүп бердим. Убакыт берели, фабрика салынбаса, жерди кайра мамлекетке тез эле кайтарып алып коёбуз.

— Дүйнө жүзү боюнча өнүккөн өлкөлөр “Жашыл экономикага” басым жасашууда. Бул жаатта Кыргызстан кандай кадамдарга барууда?

— "Жашыл экономикага" өтүү боюнча Кыргызстан алдыда кетип бара жатабыз десем жаңылышпаймын. Өлкө боюнча 60тан ашык орто жана чакан ГЭСтерди куруп жатабыз. Күндөн, шамалдан энергия алчу станциялар курулуп жатат. Электромобиль чыгарчу завод быйыл ишке кирет.

Мындан сырткары, тышкы карызыбызды жойдуруп, "Жашыл экономикага" алмаштыруу боюнча бир топ өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам.

Эки өлкө 120 млн доллар сырткы карызыбызды кечүү боюнча алдын ала убадаларын беришти. Кудай буюрса, жылдын аягына чейин 120 млн доллар сырткы карызыбыздан кутулабыз. Албетте, бул акчаны "Жашыл экономикага" өтүүгө колдонобуз. Өлкөбүздү жашыл өлкөгө айлантабыз.

— Жакында Улуттук инвестициялык фондду түзүү тууралуу жарлыкка кол койдуңуз. Бул фонддун башкы максаты кандай? Мамлекеттик ишканалар менчикке арзыбаган акчага сатылып кетүү тобокелдиги жокпу?

— Биринчиден, бул Фондду түзүүнүн башкы максаты – дүйнөлүк практикадагы эл аралык стандарттарды жана тажрыйбаларды кеңири колдонуу менен мамлекеттик ишканалардын натыйжалуулугун арттыруу, кирешесин көбөйтүү, алардын наркынын кескин түрдө өсүшүн камсыз кылуу, алардын толук потенциалын ачуу жана ошондой эле ички жана сырткы булактардан инвестицияларды тартуу болуп саналат.

Мамлекеттик компаниялар бүгүнкү күндө Кыргызстандын суверендүү капиталынын олуттуу бөлүгүн түзөт. Ошол эле учурда бул компаниялардын чыныгы потенциалы дагы деле ачыла элек, баалана элек. Анткени толугу менен мамлекеттин менчигинде турган компаниялардын рыноктук баасы толук аныкталган эмес.

Экинчиден, айрым мамлекеттик ишканалардын (бардык эмес) 20% дан 100% чейин мамлекеттик үлүшүн ушул жаңы түзүлүп жаткан Фондго өткөрүп беребиз.

Ал эми ушул Улуттук инвестициялык фонддун 100 пайыз ээси мамлекет болуп эсептелет, башкача айтканда, мамлекет бул компанияларды башкарууну жоготпойт жана колдон чыгарып жибербейт.

Үчүнчүдөн, дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө ушуга окшогон фонддор түзүлүп, бүгүнкү күндө натыйжалуу иштеп жатышат. Мисал келтире кетсек, Казакстанда "Самрук казына" улуттук бакубаттуулук фонду, Сингапурда "Темасек" фонду, Сауд Аравиясында "Public Inverstment Fund", Бириккен Араб Эмираттарында "Abu Dhabi Developmental Holding Company" фонду, Норвегиядагы "NorwegianInvestment Fund" инвестициядык фонду жана башка көптөгөн мамлекеттердин өнүктүрүү инвестициялык фонддору буга далил боло алат.

Биз дагы ошол мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуп, аталган Фондду түзүп дүйнөнүн эң атактуу фонду биржаларына акцияларды чыгаралы, башка эл аралык чоң компаниялар менен тең ата таймашалы деп турабыз. Кыргызстаныбызды ушул тараптан дагы дүйнөгө, эл аралык инвесторлорго тааныталы деген оюбуз бар.

— Акыркы, эң негизги суроом. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу макулдашууну Жогорку Кеңеш ратификациялады. Бул долбоордун деталдарына токтоло кетесизби? Үлүштөр кандай бөлүштүрүлөт? Биз канча каражат чыгарабыз? Чыгара турган каражатыбызды насыя катары алабыз деген маалымат айтылды. Бул тышкы карызыбызга кандай таасир этет?

Бул долбоор тышкы карызга кирбейт. Бул долбоор коммерциялык долбоор болот. Үч өлкө биригип биргелешкен компания түздүк. Компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында болду. Башкы директору кыргыз тараптан болду. Ал эми эки орун басары эки жактан болду. Каражаттын баары Бишкек аркылуу өтөт. Демек, темир жол бүткөнчө канча каражат кеткени биздин жана үч өлкөнүн көзөмөлүндө болот. Кытай тарап 51 пайыз акча салат, кыргыз-өзбек тарап 24,5 пайыздан акча салабыз. Эл аралык нормалар боюнча салынган каражаттар акталгандан кийин эки тарап чыгып кетип, 100 пайыз бизге калат.

Бул жол биринчи кезекте башкаларга эмес, бизге керек. Туюк өлкөдөн түбөлүк чыгабыз. Европа жана башка өлкөлөр менен Кытайдын ортосунда транзиттик өлкөгө айланабыз. Экономикалык пайдасы да эбегейсиз зор болот.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин башкы директору Медербек Шерметалиев