Жаңылыктар
Түндө Чүйдө жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Түндө Чүйдө жер титирөө катталды

Түндө Чүйдө жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады. 

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Бишкек шаарында 3,5 балл, Кант шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан түштүк-чыгышты карай 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

Учурда тактоо иштери жүрүүдө. Өлкөнүн башкы сейсмологу Канат Абдрахматов бардыгы жайында экенин жазды. Анын айтымында, бул кадимки нормага ылайык "сейсмикалык аба ырайы" болуп саналат.