Жаңылыктар
Түптө сел жүрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Түптө сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун Түп районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка ылайык, кечээ түштөн кийин саат үч жарымдар чамасында нөөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Түп районунун Токтоян айылындагы кокту-колоттордон түшкөн сел суулары арыктан ашып, 11 үйдүн короосун суу каптаган. 

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан жана Түп райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылган. Суу өтүүчү арыктарды кеңейтүүгө 2 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылып, 200 метр аралыгы тазаланды. 

Ал эми сел сууларынын кесепеттерин жоюу иштерине 2 мотопомпа 20 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 21 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам иш алып барып, сел суулары кирген 3 үйдүн жер төлөөсү толугу менен тазаланып бүткөрүлдү.