Жаңылыктар
Ысык-Көл районунда 275 орундуу мектептин курулушу аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл районунда 275 орундуу мектептин курулушу аяктады

Ысык-Көл районун Григорьевка айылындагы А.Пушкина атындагы 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлдү.

Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2016-жылы башталган. Бүгүнкү күндө мектеп дээрлик 98 пайызга бүткөрүлүп, айланасын жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшырылат.