Жаңылыктар
Селден улам Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Селден улам Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Селден улам Баткен облусундагы Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун, 24-июнда Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1 миңге жакын жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлгөн.