Жаңылыктар
Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Кытайдын Үрүмчү шаарына келди
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Кытайдын Үрүмчү шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарына келди. 

Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Кытай - Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышып, сөз сүйлөйт. Анын жүрүшүндө ЭКСПОго катышкан өлкөлөрдүн делегация башчылары менен жолугат, ошондой эле көргөзмөгө коюлган дүйнөнүн алдыңкы компанияларынын продукциялары менен таанышат жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн күркөсүндө болот. 

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАРдын Партиялык комитетинин Катчысы 

Ма Синжуй менен жолугуп эки тараптуу кызыкчылык туудурган тармактарда  кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. 

Мындан тышкары ал Кытайдын бизнес-коомчулугунун жетекчилери менен жолугат. 

Андан соң Акылбек Жапаров КЭР СУАРдын Хами шаардык округуна барып, ири компаниянын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышат.

Жумуш сапардын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат.