Жаңылыктар
Нарында "Кыргыз шырдагы XV" эл аралык фестивалы башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында "Кыргыз шырдагы XV" эл аралык фестивалы башталды

Бүгүн Нарын шаарынын кире беришиндеги As A Nomad этнокомплексинде "Кыргыз шырдагы XV" эл аралык фестивалы башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Фестивалга Турция, Араб Эмираттарынан, Өзбекстан, Казакстан меймандар, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарынан 100дөн ашык кол өнөрчүлөр келди.

Фестивалда 1 миңден ашык кол өнөрчүлүк буюмдары сынакка коюлду.