Жаңылыктар
Эртең Бишкекте бир катар көчөлөрдүн кесилиши жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең Бишкекте бир катар көчөлөрдүн кесилиши жабылат

Бишкекте бир катар көчөлөрдүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең, 29-июндан тарта Ахунбаев көчөсүнүн Малдыбаев көчөсү менен кесилиши жабылат.

Ошондой эле Байтик баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши дагы оңдоо иштери үчүн жабылат.

Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде жүрүүдө.