Жаңылыктар
Ноокат: Жарандар коопсуз жайга көчүрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокат: Жарандар коопсуз жайга көчүрүлүүдө

Ноокат районуна караштуу Абшыр-Ата эс алуу жайында жана Кезарт жайлоосунда калып калган жарандар эвакуацияланууда. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 29-июнга караган түнү жүздөгөн киши калып калгандыгы аныкталып, аларды коопсуз жайга жеткирүү жумуштарына Ноокат жана Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн 65 куткаруучусу тартылган.

"Селдин кесепетинен улам автожолдор жараксыз абалга келгенине байланыштуу Абшыр-Ата эс алуучу жайында 500гө жакын жаран, ал эми Кезарт жайлоосунда 150дөй адам калып калгандыгы тууралуу болжолдуу маалымат түшкөн. Жерине айыл аймактан 10 киши атчан жөнөтүлүп, жолдон 30 адамды табышкан. Андан ары тактоо иштери улантылууда. Кезарт жайлоосуна кошумча сегиз куткаруучу жөнөп кетти", - деп айтылат расмий маалыматта. 28-июнда Ош облусунда селден беш кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан соңку маалыматта мындан тышкары дагы эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылды.

Кырсык 28-июнда болжол менен саат 16:10 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында болгон. Нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына суу толгон. Натыйжада сел кеминде эки көпүрөнү, 10 электр мамычасын агызып, 10 үйдүн короосуна кирген. Издеп-куткаруу иштерине Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылууда. Ишти өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов координациялоодо. Жалпы 637 адам, 19 техника тартылды. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.