Жаңылыктар
ӨКМдин тик учагы Ноокат элинен кабар алууга учуп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМдин тик учагы Ноокат элинен кабар алууга учуп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ноокат районуна куткаруу иштери үчүн тик учак жөнөп кеткенин кабарлады. Буга чейин министрлик тик учак аба ырайына байланыштуу учурулбай жатканын билдирген. Маалыматка караганда, 28-июнда түштөн кийин жана 29-июнда таң эрте аба ырайы бузулуп, ашууларды булут каптап жабылганына байланыштуу, тик учак учуусу токтотулган. Ал эми азыр аба ырайын турукташкан соң, тик учак жардамга жөнөтүлгөн.