Жаңылыктар
ӨКМ: Бир катар аймактарды сел каптап, жолдорго таш кулашы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Бир катар аймактарды сел каптап, жолдорго таш кулашы мүмкүн

29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суу көтөрүлүп, унаа жолдордо таш кулоо жогорулашы мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдоосуна ылайык унаа жолдорго сел жүрүү, таш кулоо тилкелери айрыкча Бишкек – Ош жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында, БООМ капчыгайындагы Бишкек – Балыкчы жолунун 112-128-чакырымында, Балыкчы – Бөкөнбаев жолунун 64-117-чакырымында, Талды-Суу – Аралдын 4-5-чакырымында,

Мырзаке – Кара-Шоронун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында,

Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымындарында, Ош – Исфана жолунун 64- 78, 125-138, 149-190-чакырымындарында сел жүрүү, таш кулоосу мүмкүн. Мындан улам,

ӨКМ жарандарды, айдоочуларды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаалдарга күбө болсоңуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.