Жаңылыктар
Селден каза болгондордун саны сегиз кишиге жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Селден каза болгондордун саны сегиз кишиге жетти

Ноокат районунда селден каза болгондордун саны сегиз кишиге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тараткан маалыматына ылайык, сел агызып кеткен дагы бир аялдын сөөгү табылды. Маркумдун аты-жөнү такталууда. Сел агызып каза тапкандардын көбү өспүрүмдөр. Расмий маалыматта алар 19, 16, 12, 11 жана эки өспүрүм 8 жашта болгону көрсөтүлгөн.