Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча кеңешмеде “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлыкка өлкөдөгү медицина кызматкерлерине жана саламаттык сактоо уюмдарына эмгек акы төлөө системасын жакшыртуу максатында кол коюлган.
Мамлекет башчысы белгилегендей, жарлыкка ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 %га чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20 %га чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылат.
Садыр Жапаров мисал катары буларды келтирди: мурда өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация алгандан кийин 50 миң 205 сом алат. 35 миң 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог, айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация төлөнгөндөн кийин 73 миң 222 сом алат. 32 миң 474 сом айлык алган педиатр айлык маянасы көтөрүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө, компенсация төлөнгөндөн кийин 68 миң 709 сом алат. Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 миң 200 сом болчу. 1-июлдан тарта стипендиянын суммасы 20 миң сомду түзөт.
Президент алыскы аймактарда саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатуу максатында үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып жаш адистерге айлык акысына кошумча стипендия берүү жана дарыгерлердин депозитинин көлөмүн көбөйтүү маселеси чечилгенин белгиледи.
Өз кезегинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка өлкөлөргө салыштырмалуу бүгүнкү күндө өлкөдө 10 миң адамга 17,5 пайыз дарыгерлер туура келерин билдирди. Ушуга байланыштуу эмгек акы төлөө системасын жогорулатуу зарылдыгы бышып жетилди.
Анын айтымында, 2024-жылдын 1-июлунан баштап биринчи этапта төмөнкү төлөмдөр күтүлүүдө: Кыргызстандын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарына (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия, анестезиолог-реаниматологдор) 20 000 сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөмдөр каралууда. 2024-жылдын 1-июлунан тартып кошумча каражаттарга керектөө 380,9 млн. сомду түзөт. Жылдык керектөөсү 761,8 млн сомду түзөт.
Мамлекет башчысы мындай чаралар дарыгерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин комплекстүү аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналарына басым жасады. Бул өз кезегинде бардык жарандардын сапаттуу медициналык кызмат алуусун камсыз кылат. Мамлекет медицина тармагын өнүктүрүүгө өз күчүнөн тышкары, инвестиция тартуу менен саламаттык сактоону модернизациялоонун, ооруканаларды заманбап медициналык аппараттар менен жабдуунун жана сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн аракетин көрүп келет.
Садыр Жапаров кол койгон жарлык улуттун ден соолугун камсыз кылууда маанилүү роль ойногон саламаттык сактоо кызматкерлерин колдоого багытталганын белгиледи. Бул кадам ден соолук сакчыларынын ишмердүүлүгүн арттырып, алардын ишине стимул берет. Ал мындай аракеттердин аркасында өлкөнүн булуң-бурчундагы калктын медициналык жардам алуу сапаты жогоруларын айтты. Ошол эле маалда Садыр Жапаров мындай чаралар медицина кызматкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аракеттердин бир бөлүгү экенин кошумчалай кетти.
Ал көрүлгөн чаралар кыргызстандыктарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатарын айтып, медиктердин эмгеги жогору бааланышы керектигин баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында саламаттык сактоонун бардык кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.