Жаңылыктар
УКМК Караколдо мыйзамсыз иштеген диний билим берүү мекемесин аныктады
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК Караколдо мыйзамсыз иштеген диний билим берүү мекемесин аныктады

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган диний мекеме өз ишмердүүлүгүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтпөстөн жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан уруксат документтери жок жүргүзүп келген.

Текшерүү учурунда ал жерде үч мугалим иштеп, 35тен ашык жашы жете элек балдар билим алып жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, алдын алуу чаралары көрүлдү.