Жаңылыктар
Ноокат районунда алма сактоочу соода-логистикалык борбор ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокат районунда алма сактоочу соода-логистикалык борбор ачылды

Ош облусунун Ноокат районунда алма сактоочу соода-логистикалык борбор ачылды. Бул АКШ өкмөтү жана «Ноокат алмасы» кооперативи менен биргеликте ишке ашты. 

Ачылыш аземге Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев катышты. Аталган кампа 200 туруктуу жумуш орундарын түзүп, фермерлерге сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жаңы рынокторго кирүүгө жардам берет. Жалпы сактоо сыйымдуулугу миң тонна болгон кампа азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга жана район боюнча дыйкандардын жашоо шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзөт. «Ноокат алмасы» кооперативи 7 миллион сомдон ашык суммага муздаткыч жабдууларын алды. Жаңы жабдыктар жергиликтүү өстүрүлгөн алма менен малинаны төрт айга чейин сактоого шарт түзүп, анын сактоо мөөнөтүн узартып, базар шарты жакшырганда дыйкандарга түшүмдү кымбатыраак сатууга жол ачат. Кеңейтилген сактоо мүмкүнчүлүктөрү рыноктун туруктуулугун сактоого жана жыл бою азык-түлүктү ишенимдүү жана ырааттуу камсыздоого жардам берет.