Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан “Кымыз Фест – 2024” этнофестивалына барды.
Минкаб башчысы айыл чарба жетишкендиктери, кол өнөрчүлүк жана кымыздын түрлөрүнө арналган көргөзмө-жарманке менен таанышты.Акылбек Жапаров этнофестивалдын ачылыш аземинде сөз сүйлөп, мамлекет башчысынын “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында улуттук тамак-аштын түрлөрүн, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар, кыргыз элинин улуттук оюндары сактоо жана өнүктүрүү каралган атайын программа түзүлгөнүн белгиледи.
"Кымыз – бул оригиналдуу улуттук даам. Кыргыз элинин тарыхын кымыздын тарыхынан бөлүп кароого болбойт. Кымыз майрамы биримдикке, ынтымакка, улуттук каада-салтты сактоого чакырат. Мындай фестивалдарды өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүү маанилүү”, - деди Акылбек Жапаров.Андан ары театралдаштырылган оюн зоок тартууланды.Өткөн жылы этнофестивалга 5 миңден ашык коноктор келген. Быйыл 10 тоннага жакын кымыз алып келүү пландалып, 10 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.