Жаңылыктар
Жылуулук тармагын реконструкциялоо. Эртеңден тарта Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жылуулук тармагын реконструкциялоо. Эртеңден тарта Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

 "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы Гоголь көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоону 8-июлдан тарта улантат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылат.

"Бүгүнкү күндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери Гоголь көчөсүнүн темир жолдон Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүүдө. Түтүктөрдү алмаштыруу иштерин улантуу үчүн 8-июлдан тарта Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкени жабуу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, реконструкциялоодо диаметри 400 мм, узундугу 420 метр болгон түтүктөр алмаштырылат. Жылуулук тармагынын бул участогу 1979-жылы ишке берилип, 45 жылдан бери иштеп келет. Жаңыланган жылуулук тармагы жылуулук менен камсыздоону эффективдүү камсыз кылат жана жалпы системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Белгилей кетсек, реконструкциялоо ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы жарандарды маршрутту алдын ала пландаштырып, келип чыккан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.