Жаңылыктар
Евро-2024: Жарым финалда беттешчү курамалар аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Евро-2024: Жарым финалда беттешчү курамалар аныкталды

Англия менен Швейцариянын беттеши негизги жана кошумча убакыт берилгенде 1:1 эсебинде аяктады. Ал эми пенальтилер сериясында 5:3 эсебинде англичандар жеңишке жетти.

Ушул эле күнү Берлиндеги "Олимпиаштадион" стадионунда Нидерланддардын курама командасы Түркия менен кез келди. Оюн 2:1 эсебинде Нидерландиянын утушу менен соңуна чыкты.

Эми алдыдагы жарым финалда Англия Нидерландия менен беттешсе, Испания Франция менен ойнойт. Евро-2024 мелдешинин 1/2 финалы 9-10-июлда өтөт.

Белгилей кетсек, Европа чемпионаты 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтүүдө. Буга чейинки турнирди Италиянын курамасы уткан. Евро-2020 мелдешинин финалында италиялыктар англичандарды пенальти менен 3:2 эсебинде жеңген болчу.