Жаңылыктар
Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев дүйнө салды

Бүгүн, Кыргыз эл баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуев дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Сооронбай Жусуевдин 90 жылдыгы былтыр белгиленген. Ал 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин аскерге кетип, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда 1943-1945-жылдары кызмат өтөгөн. Согушта эки жолу жарадар болгон. Сооронбай Жусуев улуттук адабиятта өз орду бар классик акын катары жогору бааланып, анын алгачкы "Эмгек күүсү" аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Ошондой эле ыр менен жазылган “Курманжан датка”, “Исхак Раззаков" романдары жарыкка чыккан.

Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктынн ээси, эл акыны Сооронбай Жусуевдин 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн.

Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, залкар акын Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында каза болду.