Жаңылыктар
Тоңдо чагылган тийип, 250 баш кой өлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Тоңдо чагылган тийип, 250 баш кой өлдү

Күн мурун Тоң районунун Кажы-Саз айылынын Жазы-Кечүү жайлоосунда болжол менен 250 баш кой чагылган тийип өлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгѳ Жарандык коргонуу комиссиясы жана Тоң райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Белгилей кетсек, ӨКМ Кыргызгидромет кызматтын жана Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин маалыматтарына ылайык, 8-июлдан 12-июлга чейин нөшөрлүү жамгыр уланарын эскерткен.