Жаңылыктар
Энергетика министри Баткен облусунундагы РЭТтерди кыдырды
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетика министри Баткен облусунундагы РЭТтерди кыдырды

Күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусундагы электр ишканаларын кыдырды.

Ведомстводон билдиришкендей, министрди "Кыргызстан электр тармактар" ААКтын башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу коштоп жүрдү. Алар Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен РЭТтеринде болушту.

Жетекчилер райондук электр тармактарынын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышып, жогоруда аталган РЭТтердин жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле райондордун акимдери менен энергетика тармагындагы маселелер талкуулашты.

Мындан тышкары, алар РЭТтердин административдик имараттарын, энергетикалык жабдууларды сактоочу кампаларын карап чыгышты.

Министр электр тармактык инфраструктуранын туруктуу иштеши үчүн жетиштүү ресурстар жана запастык бөлүктөр барбы деп кызыкты.

Баткен ЭТИнин жетекчиси Каланбек Маркаев ишканада жүргүзүлүп жаткан иштер, электр берүү чубалгыларын жана комокчордондордун оңдоо жана модернизациялоо, ошондой эле жаңы административдик имараттарды куруу тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле энергетика министринен бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан ийгиликтүү өтүү үчүн зарыл болгон техникалык кызматтарды жаңы атайын унаалар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Таалайбек Ибраев белгиленген маселелерди жакын арада карап чыгаарын айтып, облустун энергетиктерине жемиштүү иш каалап, күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүү керектигин айтты.